“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол белгилерин, аялдамаларды орнотуу жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Ишкана тарабынан 24 таштанды челектери орнотулду. 10 таштанды челеги Ленин аянтына жана 14 таштанды челеги Эмен паркына орнотулду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын буйругу менен Шопоков №121/1 дарегине 22 даана темир чектөөчү орнотулду. Буга чейин унаалар тротуарга чыгып токтоп, жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген.

Ошондой эле, Махатма Ганди көчөсүнүн боюнда 2 аялдама жана Айни-Ч.Айтматов проспектисинин кесилишинде 1 аялдама комплекси орнотулду.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын иши боюнча суроолорду жана сунуштарды (фото жана видео) instagram социалдык тармагындагы баракчасына жөнөтсөңүздөр болот: mp_bishkekasfaltservis.