Эл аралык эне тил күнү 2000-жылдан бери жыл сайын 21-февралда тилдик жана маданий ар түрдүүлүктү жана көп тилдүүлүктү жайылтуу максатында белгиленип келет. Бул дата 1999-жылы 17-ноябрда ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланган.

Бул майрамдын урматына борбордогу саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай тематикалык иш-чаралар уюштурулган: акциялар, кызматкерлердин арасында көркөм окуу боюнча сынактар жана салтанаттуу конференциялар.

Медицина кызматкерлери чоң чыгармачылыкты көрсөтүп, өз таланттарын көрсөтө алышты. Эл аралык эне тил күнү ар бир коомчулуктун турмушунда тилдин ролун ачып берүүгө мүмкүндүк берди.

Мындай иш-чараларды өткөрүү коллективдин жамааттын рухун билдирет, өткөндү, азыркыны жана келечекти символдоштурат, тарыхты сүйүүгө жана урматтоого тарбиялайт.