Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназиясында Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлүп, көп улуттуу Кыргызстандын маданияттарынын бирин мыкты көрсөтүү боюнча кароо- сынак уюштурулду.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы 12 мектептин жогорку класстарынын окуучуларынан түзүлгөн командалар катышты. Ар бири калыстар тобуна тандалган элдердин салт-санаасын, үрп-адатын ачып берген номерлерди тартуулашты. Мектеп окуучуларынын оюн-зооктору театрлаштырылган жана музыкалык номерлерден даярдалып,   кызыктуу жана эсте каларлык өткөрүлдү.

Сынактын калыстар тобу: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Темирбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Нурбек у. Болот, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстамбекова, Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гузель Турдубаевалар болушту.

Мелдештин жыйынтыгында баш байгени №66 гимназия жеңип алды. Биринчи орунду бир эле учурда эки мектептин– №29 мектеп-гимназиясынын жана №78 мектеп-гимназиясынын окуучулары жеңип алышты. Экинчи орунду да эки мектеп – №31 мектеп-гимназиясынын жана №89 орто мектебинин өкүлдөрү ээледи, үчүнчү орунду №44 жана №100 мектептердин окуучулары жеңип алышты.

Кыргызстанда жашаган элдердин ынтымагын чыңдоо, маданиятын, эне тилин даңазалоо максатын көздөгөн иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы уюштурду.