Бишкек шаарынын №180 “Мээрим нуру” мектепке чейинки билим берүү уюмунда “Эне тилим-эне сүтүм ” деген темада кызыктуу иш- чара өткөрүлдү.

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө арналган майрамдык кече тарбиячылардын, балдардын жана ата-энелердин катышуусу менен өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында балдар өлкөбүздө жашаган ар түрдүү улуттардын улуттук бийлерин, ырларын, каада-салттарын үрп-адаттарын жана маданиятын көрсөтүштү. Алар өзүнүн өлкөсү, жаратылышы тууралуу, түрдүү улуттагы адамдар жөнүндө көп жаңы нерсени үйрөнүштү.

Бала бакчанын тарбиячыларынын айтымында, мындай иш-чаралар балдардын дүйнө таанымын байытат, эс тутумун,  кыялдануусун өнүктүрөт, акыл эсин өстүрүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек, №180 бала бакчасында 6 тайпа бар, окуу процесси кыргыз тилинде жүргүзүлөт.