Ленин районундагы # 57,84 жалпы билим берүү мектебинин окуучулары Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылынын 73809 аскер бөлүгүнүн ачык эшик күнүнө катышышты.

Иш-чарада окуучулар аскер бөлүгүнүн тарыхы, жоокерлердин тиричилиги, курал-жарактары, күжүрмөн техникасы менен таанышып, атайын уюштурулган сынактарга катышып, жыйынтыгында аскер бөлүгүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.