Биринчи май акимчилигинде акимдин орун басары Аида Рысбаеванын төрагалыгы алдында бир жолку материалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Анда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Елизавета Алымбаева, акимчиликтин кызматкерлери, КРнын Финансы министрлигинин Биринчи май райондук финансы башкармалыгынын кызматкерлери, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, МАБдын өкүлдөрү катышты.

Комиссия райондун жарандарынын 21 арызын карап, бир арыз кийинки отурумга жылдырылды. Кайрылуулар негизинен тамак-аш, ар кандай негизги керектөөлөр жана дарыланууга байланыштуу болгон.

Комиссия жумасына бир жолу өткөрүлөт.

Өткөн жылы 784 арыз каралып, 564 үй-бүлөгө 2 млн 908 миң 500 сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлүп, 220 үй-бүлө каттоосу жок, кирешеси ашыкча болуп, документтерин тапшырбагандыктан баш тартылган.

Белгилей кетсек, материалдык жардам көрсөтүү маселелерин кароодо арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, транспорт каражаттарынын, кыймылсыз мүлкүнүн болушу, ошондой эле башка булактардан жардам алуу эске алынат. Жардамды жылына бир жолу сураса болот.

Урматтуу шаар тургундары! Материалдык жардам көрсөтүү боюнча толук маалыматты райондордун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына телефон аркылуу билүүгө болот:

- 0 (312) 67-03-81 - Биринчи май районунун даректүү социалдык жардам бөлүмү;
- 0 (312) 36-03-35 - Свердлов райондук даректүү социалдык жардам бөлүмү;
- 0 (312) 65-37-48 - Ленин райондук даректүү социалдык жардам бөлүмү;
- 0 (312) 51-04-52 - Октябрь райондук даректүү социалдык жардам бөлүмү.