Бүгүн, 2023-жылдын 22-февралында №10 орто мектебинде Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жашы жете электер арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык кеңешинин пландуу отуруму болуп өттү.

Жыйынга башчынын орун басары А.С.Садыкова, прокурордун жардамчысы Ж.Ж.Маликова, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, МАБдардын начальниктери, райондук билим берүү борборунун директору, Свердлов районунун билим берүү уюмдарынын директорлору, директорлордун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана Свердлов районунун имам хатиби катышты.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун,  №67, 66, 4, 46 мектептеринин балдар арасындагы суицидди, укук бузууларды алдын алуу, балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча 2022-жылдын 12 айы жана 2023-жылдын 1 айына карата  отчеттору берилди.

Жыйындын жыйынтыгында жашы жете электердин арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларда ведомстволор аралык байланышты күчөтүү, балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун  алдын алуу жана жашы жете электердин өзүн-өзү өлтүрүүгө же алардын ден соолугуна зыян келтирүүгө түрткөн интернет-контенттин жайылышын алдын алуу, ага каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен максаттуу иш-чараларды уюштуруу чечими кабыл алынды.