Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин Бишкек шаарынын 01-01 региондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери төмөнкүдөй кызматтарды көрсөтүштү:

- Электрондук кол тамгаларды берүү;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторун алууга документтерди кабыл алуу;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана күбөлүктөрдү берүү;
- "Балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулун алууга арыздарды кабыл алуу;
- ПИН ыйгаруу жана проблемалуу пиндер боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо;
- маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү берүү;
- жарандык маселелер боюнча консультация жана документтерди кабыл алуу;
- биометрикалык маалыматтарды каттоо.

Бул иштер электрондук кол тамгаларды берүү, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун документтештирүү, ошондой эле документи жок жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды идентификациялоо, жарандардан кош ЖИНин аныктоо жана алып салуу боюнча иштерди талаптагыдай уюштуруу максатында жүргүзүлүүдө. 1974-жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор «Бишкек шаарынын тургундарын документтештирүү жана жарандардын арасында кош ЖИНин  аныктоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча иш-чаралардын планына» ылайык. жүргүзүлүүдө.

Урматтуу Ленин районунун жашоочулары Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жогоруда аталган кызматтарды алууну каалагандарга калкты тейлөө борборлоруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.