Ленин районунда шаардын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн бузган жана мыйзамды бузуу менен мамлекеттик тилде жазылбаган жарнамаларды тазалоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейддик иш-чаралар Гагарин көчөсү боюнча Бакаев көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин, Тимур Фрунзе көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин жана "Ак-Ордо", "Чоң-Арык", "Арча Бешик" конуштарында өткөрүлдү.

250 көрнөк-жарнак, 150 мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары жана баннерлер демонтаждалды.