Октябрь районунун Балдар иштери боюнча комиссиясынын (КДБ) отурумунда мектепте жашы жете элек окуучулардын электрондук тамеки колдонуу фактыларын аныктоо боюнча Октябрь районунун ИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын  3 материалы каралды. Анда жашы жете элек балдар модага берилип, электрондук тамекилердин зыянсыздыгы тууралуу ойдо экендигин түшүндүрүшкөн. Жарнама берүүчүлөрдүн аркасы менен көпчүлүк балдар жана өспүрүмдөр кадимки тамекилерге караганда Iqos, вейп жана башка тамеки чегүү аралашмалары ден соолукка зыяны жок, атүгүл өспүрүмдөр да чеге алышат деген ойдо болушат.

Окуучуларга жана алардын ата-энелерине саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана психолог тарабынан электрондук тамекилердин жана башка чылым чегүү аралашмаларынын зыяндуулугу тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Урматтуу шаар тургундары! Электрондук тамекилер кадимки тамекилерге караганда коркунучтуу экенин унутпаңыз жана анын курамында кадимки тамекиге караганда 2 эсе көп никотин бар!

Белгилей кетсек, отурумда 17 материал каралып, жыйынтыгы боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери тарабынан 4 үй-бүлө каттоого алынып, баланы коргоо боюнча жеке иштердин пландары бекитилип, 2 маселе боюнча мүлктү сатууга уруксат берүү каралган.