Бул жолугушууну Октябрь райондук администрациясы Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурду.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тарбиялык иштерди күчөтүү жана диний-экстремисттик мүнөздөгү үгүт иштеринин алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.

Октябрь районунун аймагында 8 мечит, 20 намазкана бар.

Жыйындын жыйынтыгында диний мекемелердин жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын туруктуу негизде жүргүзүү чечими кабыл алынды.