Борбор калаада 27-февралдан тарта №31 автобус каттайт.

Жаңы автобус  «Ынтымак» конушунан (айланма) №101 кичиавтобустун маршруту боюнча каттайт. Анын узундугу 34 км, аралыгы 7 мүнөттү түзөт.

Бул каттамда 15 автобус иштейт.

Ошондой эле 27-февралдан тарта №31 автобустук каттам ишке киргендигине байланыштуу №101 кичи автобустук каттам жаңы кыймыл схемасы боюнча жүрө баштайт.