Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Октябрь райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматчылары үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча "Иштиктүү кыргыз тили" деген темада окуу семинар өткөрдү.

Ошондой эле кызматкерлер "Кыргызтест" тестин тапшырууга даярдык көрүү үчүн практикалык тапшырмалар менен иштешти.

Аталган окуу семинар Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.