Октябрь администрациясы жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу коркунучун аныктоо боюнча акция өткөрдү.

“Жоопкерчиликтүү бол!” акциясынын негизги максаты жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу менен Кыргызстандын эркек калкын медициналык кызматтар менен камтууну жогорулатуу болуп саналат. КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматы боюнча, 18 жаштан 54 жашка чейинки эркектер ошол эле курактагы аялдарга караганда жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу коркунучуна көбүрөөк кабылышат. Акция 2023-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин уланат. Бул убакыттын ичинде эркектер жергиликтүү саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылып, медициналык кызматкерден бекер медициналык кеңеш ала алышат.

Бир айлык Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу боюнча швейцариялык долбоордун алкагында өткөрүлүүдө.

Бир айлыктын алкагында эркектер үчүн атайын кабыл алуу сааттары уюштурулуп, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жогорулайт. Ошондой эле, «Жоопкерчиликтүү бол!» айлыгына мектеп окуучуларын тартуу дагы бир негизги элемент болуп саналат, анткени бул ыкманын натыйжалуулугун буга чейинки тажрыйба көрсөткөн. Окуучулар өнөктүк тууралуу эркек туугандарына маалымат беришет жана аларды саламаттыкты сактоо уюмуна медициналык консультациядан өтүүгө чакырышат.