"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Молодежный" паркынын аймагына ийне жалбырактуу, арча, карагай жана туя көчөттөрүн, жалпысынан  70 түп көчөт отургузушту.

Ошондой эле Ч.Түлөбердиев  атындагы сейил бактын аймагына 50 жаш туя отургузулат.

Ал эми өткөн дем алыш күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Ынтымак-1" паркына 40 карагай жана 10 кайың тартуулады.

Ишкананын кызматкерлери отургузууну  көзөмөлдөштү.

Эскерте кетсек, 2023-жылга отургузуу планына ылайык, борборго 15 000 жашыл көчөт отургуу пландалууда. Ал эми жыл башынан бери 2000 дарак отургузулду.