№54, 81, 83 мектептердин 8,9-класстарынын окуучуларынын ата-энелери үчүн балдардын жана өспүрүмдөрдүн суицидинин алдын алуу боюнча  окутуу өткөрүлдү.

Биринчи май райондук билим берүү борбору тарабынан зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдарга жардам берүү борборунун психологдору, өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору  менен биргеликте «Өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйышы», «Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана зомбулуктун алдын алуу ", "Жашоонун оор кырдаалына кабылган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо" темасында дарстар окулуп, социалдык роликтер да көрсөтүлдү.

Ошону менен бирге ата-энелерге Кыргыз Республикасынын Президентинин «Оюн-зоок оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жөнүндө» жарлыгы менен тааныштырышты.

Жолугушуулардын негизги максаты мектеп окуучуларынын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Бекитилген графикке ылайык, ата-энелер үчүн ушундай иш-чаралар райондун башка мектептеринде да өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө», «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзамдарын ишке ашыруунун алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу ата-энелер! Эгерде сиз өспүрүмдүн жүрүм-турумунда кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүлөрдү байкасаңыз, анда төмөнкү телефондорго кайрылууңузду суранабыз:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 215, телефон 1966, балдар үчүн ишеним телефону 111.
- Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү (ҮБКБ), тел. 0(312) 67 03 86.
- Зордук-зомбулуктун жана ырайымсыз мамиленин курмандыгы болгон балдарга жардам берүү борбору, Бишкек шаары, Карасаев көчөсү, 73, тел. 0(312) 44 25 10, 0 (312) 54 29 34.