“Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун мэрлик кызматтагы  бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны өтүүдө.


Борбор калаанын мэри шаардын жашоо-турмушун камсыздоонун маанилүү тармактарындагы иштердин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.


Калаа башчысынын айтымында, Бишкек шаарында санитардык тазалоо, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана андан ары кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча бирдиктүү операторду түзүү боюнча инвестициялык же мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу пландалууда.
Баасы 45 млн доллар турган долбоорду ишке ашыруу боюнча Чехиянын Re Green s.r.o компаниясы менен макулдашууга жетишилди.

Бүгүн бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жолугушуусу болду. Демилге Акылбек Жапаров тарабынан колдоого алынды.