“Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун мэрлик кызматтагы  бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны өтүүдө.
Борбор калаанын мэри борбордогу коомдук транспорт жана жол тыгыны көйгөйүн чечүү тууралуу айтып берди.
Эмилбек Абдыкадыров "Бишкексууканал" ӨЭБсына канализация салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө автоунаа айдоочулардын жүрүшүнө ыңгайсыздык жаратпоо үчүн үч сменде иштөө тапшырылды.
Анын айтымында, транспорт маселесин чечүү үчүн газ кыймылдаткычы менен иштеген 1500 жаңы автобус сатып алуу пландалууда. Бүгүнкү күндө борборго экологиялык таза күйүүчү май жана майыптар үчүн шарттар менен 120 автобус келди.