“Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун муниципалитеттин иши жана 2023-жылга карата милдеттери боюнча пресс-конференциясы өтүүдө.
Борбор калаанын мэри борбордогу коомдук транспорт жана жол тыгыны көйгөйүн чечүү тууралуу айтып берди.
Эмилбек Абдыкадыров айткандай "Бишкексууканал" ӨЭБсына канализация салуу жана коллектор куруу боюнча иштерди жүргүзүүдө автоайдоочулардын өтүүсүнө ыңгайсыздык жаратпоо үчүн үч сменада иштөө тапшырылды.
Анын айтымында, транспорт маселесин чечүү үчүн жыл аягына чейин газ кыймылдаткычы менен иштеген 1500 жаңы автобус сатып алуу пландалууда. Азыртадан эле борборго экологиялык таза күйүүчү май жана майыптар үчүн шарттар менен 120 автобус келди.