“Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде  мэр Эмилбек Абдыкадыровдун муниципалитеттин иши жана 2023-жылга карата милдеттери боюнча пресс-конференциясы өтүүдө.
Борбор калаанын мэри республиканын ИДПсынын 40% ын Бишкектин эсебинен камсыз кылуу тууралуу айтып берди.
"Салык чогултуу боюнча Бишкек шаары планды бардык көрсөткүчтөр боюнча ашыра аткарды. Бирок каражаттын 10% гана шаарды өнүктүрүүгө жумшалат. Мугалимдерди кармоого дээрлик 7 млрд. сом жумшайбыз. Биз республикада мугалимдерди камсыз кылган жалгыз шаарбыз. Ошондуктан өлкө жетекчилиги быйыл шаарды өнүктүрүү үчүн каржылоону көбөйтүүнү чечти".