“Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун муниципалитеттин иши жана 2023-жылга карата милдеттери боюнча пресс-конференциясы өтүүдө.
Мэрдин айтымында, борбор калаада "КЭР грантынын эсебинен Бишкек шаарында көчө-жол тармагын өнүктүрүү" (Фаза-3) долбоору боюнча жол тыгындары көйгөйүн чечүү үчүн транспорттук түйүндөрдү, өтмөктөрдү жана башка объекттерди куруу каралууда:
* Л. Толстой - Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдеги транспорт түйүнү. Аталган түйүндүн курулушу Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет;
* Т. Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрү аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу өтүүчү жолдор;
* Л.Толстой-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги транспорттук түйүн (Жаш Гвардия бульвары Э. Матыев көчөсүнө чейин (Ала-Арча суусу аркылуу көпүрө куруу менен). Бул түйүндүн курулушу Жаш Гвардия бульвары жана Л. Толстой көчөсү боюнча батыш багытында автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет;
* Анкара – 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук-эстакадалык көпүрө куруу.