"Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттигинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун муниципалитеттин иши жана 2023-жылга карата милдеттери боюнча пресс-конференциясы өтүүдө.
Анын айтымында, быйыл бала бакчалардын курулушуна көбүрөөк көңүл бурулат.
"Биз мектептерди куруп жатканда шаардыктар бала бакчаларга көңүл буруп, аларды курууну суранышкан.

Быйыл 12 бала бакча жана 1 мектеп курууну пландап жатабыз, айрыкча биздин конуштарга", – деди мэр.
Ошентип,

2023-жылы имараттардын титулдук тизмесинин долбоорунда төмөнкүлөр каралат:


- 130 орундуу "Сетун"  бала бакчасын оңдоо жана калыбына келтирүү;

- №31 бала бакчаны 100-орундук оңдоо жана калыбына келтирүү иштери;

- "Ак-Ордо" конушундагы 280 орундуу бала бакча;

- "Арча-Бешик" конушундагы 180 орундуу бала бакча;
- "Келечек"конушундагы 100 орундуу бала бакча;

- "Дордой"конушундагы 140 орундуу бала бакча;

- "Көк-Жар"конушундагы Молдокулов көчөсүндөгү 280 орундуу бала бакча;

- "Кыргызстан-1" конушундагы Самойленко көчөсүндөгү 140 орундуу бала бакча;

- "Калыс-Ордо" конушундагы 140 орундуу бала бакча;

- "Мурас-Ордо" конушундагы 320 орундуу бала бакча;

- "Учкун"конушундагы 140 орундуу бала бакча;

- "Бакай-Ата" конушундагы 140 орундуу бала бакча;

- "Ак-Босого" конушундагы 140 орундуу бала бакча;

- "Ак-Бата"конушундагы 660 орундуу мектеп.