“Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун муниципалитеттин иши жана 2023-жылга карата милдеттери боюнча пресс-конференциясы өтүүдө.

Анын айтымында, Аламүдүн, Ала-Арча  дарыяларынын жана ЧЧКнын жээгинде шаардыктар үчүн эс алуу зоналарын түзүү пландалууда.

Тиешелүү долбоорлор иштелип чыккан. Ошондой эле заманбап велосипед жолдору жана чуркоо жолдору курулат.

Ошондой эле быйыл тротуарларды оңдоонун көлөмүн 3-4 эсеге көбөйтүү пландалууда. Белгилей кетсек, өткөн жылы 15 км тротуар оңдолгон.