“Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун муниципалитеттин иши жана 2023-жылга карата милдеттери боюнча пресс-конференциясы өтүүдө.

Мэрдин айтымында, "Тазалык" муниципалдык ишканасы үчүн 17 бирдик атайын техника сатылып алынган. Автопаркты толуктоонун аркасында шаар жеке компаниялардан көз каранды эмес.

"Биз атайын датчиктери бар таштанды контейнерлерин орнотууну пландап жатабыз, алардын ишин операторлор көзөмөлдөп, "Тазалык" МИсине толуктугу тууралуу билдиришет. Өз кезегинде бригада ыкчам тартипте таштандыларды чыгарат", - деди мэр.