“Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун муниципалитеттин иши жана 2023-жылга карата милдеттери боюнча пресс-конференциясы өтүүдө.

Шаардын мэри базарлардын айланасындагы тартип жөнүндө айтып берди.

"Биз Ош базарындагы ортомчулардан арылдык. Муниципалдык базар уюштурдук, ижарачылар өздөрү мындай чечимге макул болушуп, муниципалитетке түздөн-түз төлөмөй болушту. Ушундай эле жагдай Орто-Сай базарында да байкалууда", - деди ал.