Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Осмонов Мурат Мукашбековичти  кеңешчи кылып дайындады.

Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине караштуу
«Интеллектуалдык маалыматтар борбору» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык дайындалды.                                    

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.