Бишкек шаарында сугат маалында тоскоолдуксуз суу берүү үчүн шаардын негизги сугат каналдарын тазалоо иштери жүрүп жатат.

“Бишкек суу чарба” МИси борбор калаанын коллектордук-дренаждык жана магистралдык каналдарын тазалоо боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө.

Ишкана кол менен жана механикалаштырылган тазалоо жумуштарын жүргүзүүдө. Бул иштер Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорундагы магистралдык каналдарда, ошондой эле Достоевский көчөсү менен Чүйдөн темир жолго чейин,  Сухэ-Батор көчөсүнөн. Айтиев 12 кичи районуна чейин, Мураталы каналынан Сухэ-Баторго көчөсүнө чейин . Нуркамала, Азия молл соода борборунан Ч.Айтматов проспектисинен Л.Толстойго чейин, Л.Толстойдон Жаш Гвардия бульварына чейин.

Ошондой эле Биринчи Май районунда “Ак-Босого” конушунда ирригациялык темир-бетон лотокторду орнотуу иштери уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарды, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону өтүнөбүз. Муниципалдык менчикке аяр мамиле жасап, шаардык тейлөө кызматкерлеринин эмгегин урматтоону суранабыз!