Биринчи май районунун аймагында бир нече тротуарларды реконструкциялоо иштери жанданды.

2022-жылдагы титулдук долбоорго ылайык, "Бишкекасфальтсервис" МИнын линиясы боюнча Киев көчөсү  Т.Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин түштүк тарабынан узундугу 1,3 км тротуарда оңдоо  иштери улантылууда.

Ошону менен бирге Абай көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн ЧЧКга чейин чыгыш тарабынан узундугу 300 метр жерге асфальт төшөөгө даярдык көрүлүүдө, ошондой эле Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин узундугу 500 метр жаңы тротуар куруу пландалууда.

Л.Толстой көчөсүндө Фатьянов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин узундугу 200 метр асфальт төшөөгө даярдык жүрүп жатат.

Панфилов көчөсүндө Чокморов көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин жаңы асфальт төшөлдү.