Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов жер участогуна токтом чыгаруучу документтерди алуу маселеси боюнча тургундар менен жолугушту.

"Бишкекбашкыархитектура "мамлекеттик мекемеси,"Кадастр" мамлекеттик мекемеси, Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы, ИИБ, №16 жана 14 МАБдын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу "Мурас-Ордо" жана "Бугу-Эне-Багыш" конуштарынын жашоочулары менен өттү. Талкуу учурунда бир маселе- көп жылдар бою ала албай жаткан турак жайга документтерди алуу мөөнөтү көтөрүлдү.

М. Сазыкулов белгилегендей, мыйзамсыз курулуш аныкталса, бардык объектилер бузулат.

Андан соң мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев А.Боталиев атындагы сейил бактын Щербаков жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жашоочулары менен жолугушту.

Жыйынтыгында бардык үй курулуштарын жана турмуш-тиричилик шарттарын инвентаризациялоо чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, КРнын Президентинин  2022- жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, эгерде адамдар тарабынан шаар куруу иши, мыйзамсыз курулуш жана жер тилкесин басып алуу жаатындагы КРнын колдонуудагы мыйзамдары бузулган болсо, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.