2023-жылындын 10-мартында  №67 мектеп гимназиясынын  базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мектептеринин директорлору менен кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө билим берүү башкармалыгынын башчысы  Айнура Арстамбекова мектептердин жаңы директорлорун тааныштырды, ошондой эле Бишкек шаарынын Прокуратурасынын өкүлдөрүнө жана саламаттык сактоо системасынын өкүлдөрүнө мектептин өз ара аракеттенүүсү жана иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча актуалдуу маселелерди айтышты.

Берилген маалыматтын жана талкуунун жыйынтыгы боюнча мектептин ишинин социалдык маанилүү багыттарында: өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу, окуучулардын кесиптик багыты, ата-энелер коомчулугу менен өз ара аракеттенүү, окуучулардын коопсуздугун жана социалдык-укуктук жактан корголушун камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүү жана натыйжалуу методдорду колдонуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой эле мугалимдер жана мектеп администрациясы тарабынан жеке жоопкерчиликти көрсөтүү менен негизсиз акча чогултууга жол бербөө маселеси өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында (1-марттан 31-мартка чейин) директорлорго салттуу ишембиликтерди өткөрүү жана бул маалыматты ата-энелер коомчулугуна жеткирүү менен мектепти жана ага чектеш аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды жандандыруу тапшырылды.