Биринчи май акимчилигинде башчынын орун басары Чыңгыз Байсовдун төрагалыгы алдында жумушчу жыйын өттү.

Ага “Бишкекбашкыархитектура”, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, РИИБнин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жер-суу көзөмөлдөө кызматынын, МАБдын өкүлдөрү катышты.

Жыйында мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Мыйзамсыз жер басып алгандарды, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында жер участокторун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган адамдарды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартип бузуучуларга чара көрүү маселеси каралды.

Белгилей кетсек, аталган комиссия Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “ Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын  10-июнундагы № 96 “Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди өз алдынча басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун негизинде түзүлгөн.