2023-жылдын 1-мартында Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчынын орун басары Асел Садыкованын төрагалыгы алдында Балдар иштери боюнча комиссиянын (БИК) кезектеги жыйыны өттү.

Балдар иштери боюнча комиссиянын отурумуна комиссиянын курамына кирген Свердлов районунун ИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын начальниги, Билим берүү борборунун башкы адиси, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери жана ошондой эле балдарды колдоо боюнча мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бекитилген күн тартибине ылайык, Комиссия 36 материалды карады, анын ичинде: убактылуу мамлекеттик борборлого жайгаштыруу, мүлктүк мүнөздөгү маселелер, балдар арасындагы укук бузуулар ж.б.

Бардык материалдар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды жана Үй-бүлө менен жеке иштөө жана Баланы коргоо боюнча жеке иштөө пландары бекитилди.