Биринчи май районунун акимчилигинде район башчысы Максатбек Сазыкулов жана Group Hit (Франция) компаниясынын консультанттар тобунун жетекчиси Гийом Жосст жолукту.

Бул жолугушуу Бишкек шаарындагы Ак-Босого, Калыс-Ордо, Арча-Бешик, Бакай-Ата жана Рухий Мурас беш конушту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында өттү.

№16 МАБ боюнча Ак-Босого, Калыс-Ордо конуштарын ирригация маселеси, жабык жана ачык коллектордук дренаждык тармактарды куруу долбоорлорун иштеп чыгуу талкууланды.

Ошондой эле, бизнес долбоорду ишке ашыруу, тактап айтканда, муниципалдык мончолорду куруу маселеси көтөрүлдү.

Жыйынтыгында Максатбек Сазыкулов мындан аркы кызматташууга жана көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, ошол эле учурда консультанттар жеринде кыдыруу менен,  эки конуштун жашоосу менен таанышышты.