2023-жылдын 14-мартында саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Анкара - Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы, Октябрь - Менделеев көчөлөрү чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.
Ал эми  Анкара көчөсү, темир жол,  Октябрь, Оберон көчөлөрүндө (Кара-Жыгач конушунун батыш тарабы) суунун басымы төмөн болот.

«ХБО» жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну  суранат.