Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин карамагындагы "Айданек" жашы жете элек балдар үчүн реинтеграция борбору Нооруз майрамын балдар жана тарбиячылардын аткаруусундагы салттуу улуттук бийлер менен белгиледи.

Иш-чарада балдар жана тарбиячылар майрамга чейинки жумаларда үйрөнгөн салттуу улуттук бийлерин көрсөтүштү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кызыл Жарым Айдын өкүлдөрү катышышты.

Борбор аялуу балдар үчүн коопсуз жана камкор чөйрөнү камсыз кылууга умтулат. "Айданек" борбору Бишкек шаарындагы 3 жаштан 18 жашка чейинки турмуштук оор кырдаалда турган кароосуз калган балдарга социалдык, психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтөт, бүгүнкү күндө борбордо 28 бала турат.