Борбор калаада 15-марттан 15-апрелге чейин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлык жарыяланды.

Ушул ишембиде, 18-мартта борбор калаада жазгы шаардык ишембилик өткөрүлүп, көчөлөрдү, короолорду тазалап, жашылдандыруу иштерин жүргүзөбүз.

Ишембиликте  ирригациялык тармактарды, ошондой эле сейил бактарды жана гүл бакчаларды тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталат.

Урматтуу шаар тургундары! Баарыңыздарды шаарыбызды тазалоо үчүн ишембиликке катышууга чакырабыз.