Биринчи май районунун №75 мектебинин базасында КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу «Келечек» (Жибек-Жолу 519) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору боюнча маалымат жыйыны болуп өттү.
Ага башчынын орун басары Аида Рысбаева, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, ҮМБнын жана МАБдын башчылары, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө борбордун директору Чынаркүл Түмөнбаева катышуучуларга социалдык мекемеде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана реабилитациялык кызматтар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле балдарды жөнөтүүдө биргелешкен аракеттердин алгоритми боюнча маселелер талкууланды.
Белгилей кетсек, борбор КРнын Министрлер Кабинетинин буйругу менен түзүлүп, таяныч-кыймыл аппараты жана неврологиялык оорулары бар 4 жаштан 18 жашка чейинки балдарга реабилитациялык кызмат көрсөтөт.
Учурда реабилитацияга кабыл алуу күндүзгү жана стационардык режимде жүргүзүлүүдө.
Урматтуу шаар тургундары! Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: (0500) 345 467, (0500) 184 433, e-mail: rckelechek_2022@mail.ru