Жаздын келиши менен борбор калаада ишембилик башталды.

Эске салсак, 2023-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлык ишембиликтер өткөрүлөт.

Тазалоодон кийин чогулган таштандылар жана жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине таштоого болот, андан кийин алар "Тазалык" МИ тарабынан чыгарылат.

Бирок жалбырактарды жана башка жашыл чөптөрдү өрттөөгө катуу тыюу салынат. Жалбырактардан чыккан түтүн оор кесепеттерге алып келген зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат.

Мындай жосунсуз жорук үчүн Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен тартип бузуучуларга муниципалдык инспекция тарабынан жеке жактарга 7 миң 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынып, протоколдор түзүлөт.