Пландуу жыйын Биринчи май акимчилигинин жыйындар жайында өттү.
Аким Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында орун басарлар, шаардык жана райондук кызматтардын жана МАБ жетекчилери менен бирге: көмөкчордондорду «Бишкек электр тармактар ишканасынын» балансына өткөрүү, КРнын “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу жана райондун коомдук саясий абалы жөнүндө 3 маселе каралды.
Жыйындын жыйынтыгында жооптуу кызматтарга төмөнкүлөр тапшырылды:
- кыска мөөнөттө көмөкчордондорду баланска өткөрүү маселесин чечүү;
- камсыздандырууну алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу боюнча кызматты санариптештирүү мүмкүнчүлүгүн кароо менен бардык МАБдарда турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жолугушуулардын графигин түзүү.
- РИИБ митингдер, акциялар, пикеттер жана массалык чогулуштар боюнча туруктуу мониторинг жүргүзүү.
Пландуу жыйындын жыйынтыгы менен райондук кызматтарга тапшырмалар берилип, протокол түзүлдү.