Урматтуу шаардыктар! Шаарыбыздын 145 жылдыгына карата шаардык мекемелер жана ишканалар, алардын өнүгүшү, калыптанышы жана ишмердүүлүгү жөнүндө бир катар лонгриддерди даярдадык.


Пишпек-Фрунзе-Бишкек. Калаабызда алгачкы автобус каттамынан бүгүнкү күнгө чейинки автобустардын тарыхы тууралуу баяндайбыз.


1934-жылы ЗИС-5 жүк ташуучу унаалар модернизацияланган жана жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарга ылайыкташтырылган.

Фрунзеде биринчи жолу 15 орундуу автобустар 1934-жылы каттамга чыккан. 1938-жылы 30 км узундуктагы эки маршрут боюнча 13 автобус жүргөн.


Фрунзе шаарындагы 1 жүргүнчүлөрдү  ташуучу автопарк 1939-жылы чакан жүк ташуучу автобазанын карамагында түзүлгөн Кыргызстандын алдынкы автопарктарынын бири болгон.


     1946-жылга чейин Фрунзеде иш жүзүндө автобус кыймылы болгон эмес. Республиканын эмгекчилери шаардын кайсы районуна карабастан жумушка жетишүүгө  аргасыз болушкан.

       Кыргызстандын бардык тармактарынын өнүгүшү менен бирге автомобиль транспорту да зор өнүгүүгө  ээ болгон, ал материалдык-техникалык базанын маанилүү элементтеринин бири жана өндүрүштүөнүктүүрүнүн зарыл шарты болуп саналат.

         1946-жылы автобаза ири автотранспорт ишканасына айланган, ал кезде жүк, жүргүнчү жана такси ташуу менен алектенген.


ЗИС-16 тибиндеги  жыгач кузовдуу жана бир эшиктүү 12 даана “Пазики”  пайда болду. Алар Фрунзе шаарында эки маршрут боюнча алгачкы автобус кыймылын ишке ашырышты:

- эски автобекеттен Пишпекке чейин,

- эски автобекеттен Аламүдүн айылына чейин.

Сүрөттө  ЗИС-16 үлгүсүндөгү автобусу


1949-жылы М-20 Победа тибиндеги таксилер келе баштаган. Автобаза автобустардын, жүк ташуучу жана жеңил автомобилдердин жаңы түрлөрү менен толукталган.



Сүрөттө М-20 Победа унаасы



1952-жылы автобазада 250гө жакын жүк ташуучу автомашиналар болгон, алар көз карандысыз автопарка  бөлүнгөн, ал азыр  2901 автоколоннасы деп аталат.

        1953-жылы такси автопаркы 100дөн ашык М-20 «Победа» автоунаалары жана 5 Газ-51 жүк  ташуучу таксиси  менен бөлүнгөн.


       1965-жылы автопаркта автобустарды оңдоону, тейлөөнү жана жүргүзүүнүнпрогрессивдүү топтомдук- бөлүм ыкмасы киргизилген. 



1968- жылдын декабрында шаар кызматтарынын 3 паркы бөлүнгөн.

ЛИАЗ- 677 тибиндеги жаңы автобустар келген.



Сүрөттө ЛИАЗ- 677 үлгүсүндөгү автобусу 


1970- жылдан тартып Икарус- 260 автобусу каттамга чыккан.



Сүрөттө Икарус-260 үлгүсүндөгү автобус


2008- 2009- жылдары Бишкек шаарына дизель менен жүргөн кытай өндүрүшүндөгү, орто класстагы “Ясинь” автобусунан 450 даана алынып келинген.



Сүрөттө “Ясинь” үлгүсүндөгү автобус


2019- жылы борбор шаарыбызга Ютонг үлгүсүндөгү 60 автобус алынган.

Жаңы автобустун артыкчылыктары көп. Автобустар айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн дагы өтө ыңгайлуу шарттары менен. 8 видеокамера автобустун ичиндеги жагдайды байкоого жана уурулукту азайтууга мүмкүндүк берет



Сүрөттө “Ютонг” үлгүсүндөгү автобус


4 жылдан соң борбор калаабызга “ZongTong” үлгүсүндөгү жапыз  полдуу 120 жаңы автобус алынды. Автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, 1 орундук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн, автобустун ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар. Мындан тышкары ар бир автобуста жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.



“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында 12 маршруттук каттамда жүргүнчүлөрдү ташыган 120 ZongTong, 48 Yotong автобустары жана 22 Ясин автобустары шаардыктарды тейлейт.

Таңкы саат 5:30дан 23:00гө чейин маршруттук каттамдарда 350 айдоочу нөөмөт менен иштешет.


Күн сайын таң эрте айдоочулар наркологдордун текшерүүсүнөн өткөн сөн,каттамга чыгышат. Каттамга  чыга турчу автобустар күн сайын жуулуп тазаланат.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына кызмат көрсөткөн автобустардын айдоочуларын Бишкек шаарынын 145 жылдык мааракеси менен куттуктап, терең ыраазычылык билдирет.