2024-жылдын 19-20-февралында «Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!» республикалык сынагынын финалында 1-6-класстын окуучулары арасында 10 долбоорду аткаргандыгы үчүн жеңүүчүлөр аныкталды.

Мелдешке Бишкек шаарынын, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарындагы мектептердин командалары катышты.

2024-жылы сынактын «Мен жана менин дүйнөм» (1-2-класстар), «Кыргызстандын этностук топторунун көп түрдүү маданияты» (3-4-класстар) жана «Жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайлы» (5-6-класстар) катышуучулар жана алардын мугалимдери тандап алган темалар боюшча долбоорлор тартууланды.

Сынактын республикалык деңгээлине 2501 долбоорлоо жана изилдөө иштеринин ичинен 36 долбоор тандалып алынган.

Калыстар тобу сынак жөнүндө жободо бекитилген критерийлердин негизинде эмгектерди карап чыгып, жаш категориялары боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.

«Мен жана менин дүйнөм» багыты боюнча  1-2-класстын окуучулары арасында 1-орунга ээ болгондор №86 мектептин окучуулары: Элзаирбекова Аруузат, Молдомамбетов Дастан, Кемелбекова Канышай. Долбоордун жетекчиси Индира Исраилова. Иштин темасы: Ачуу таякчалар. (Снэки)

Ал эми 5-6-класстын окуучулары арасында 3-орунга №88 мектептин окуучулары Абдилазова Фатима, Рысбекова Элимай “Жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайлы” багыты боюнча ээ болушту.

Ошондой эле, оригиналдуу идеясы жана практикалык мааниси үчүн атайын номинациялар боюнча 6 илимий долбоор, анын ичинде №65 Экологиялык-экономикалык лицейинин “Креативдик долбоору”, 4-“Г” классынын окуучулары, долбоордун жетекчиси Мадина Касимова сыйланды.

Белгилей кетсек, жыл сайын мектеп окуучуларынын окуу, маалымат жана изилдөө компетенцияларын, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында уюштурулган сынак КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан USAIDдин “Окуу Керемет! ” программасынын негизинде уюштурулат.