2024-жылдын 19-мартында саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү даректерге ичүүчү суу берүү токтотулат:

- Ч.Айтматов проспектиси боюнча  №93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6;
- Токтонолиев көчөсү 139/3, 157, 153, 153/3, 155;
- Т.Океев көчөсү 39/3, 39/4, 39/6, 39/7, 39/8.

Белгилей кетсек,   «Аэропорт» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында  оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.