Кыргыз Республикасынын Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн урматына борбор калаанын муниципалитетинде сыйлык тапшыруу аземи   өттү.

Турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев куттуктады.

Мэрдин орун басары  турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүмдүк эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, аларга ден соолук, бакубат турмуш каалады.

Ошентип, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн адистер күмүш төш белгиси, Ардак грамотасы ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасынын турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.