Бишкек шаарында 2024-жылдын 18-мартында Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу саат 22:00дөн 23-март күнү саат 00:00гө чейин Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат.

Мындан тышкары, төмөнкү көчөлөр:

- Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары бул аргасыз чаранын киргизилишине түшүнүү менен мамиле кылат деп үмүттөнөт.