Бишкек шаарынын мэриясы "Нооруз-2024" жаз майрамына арналган майрамдык программа даярдады.

Быйыл жаз майрамынын урматына 20-марттан 22-мартка чейин масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Ала-Тоо борбордук аянты улуттук стилде жасалгаланган. Бул күндөрү көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук оюндар, ошондой эле улуттук тамак-аш менен тамактануу зоналары уюштурулат.

Ошентип, 20-мартта саат 13:00дө Ала-Тоо аянтында улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат.

21-мартта саат 09:00дө Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара өтөт. Саат 12:15тен 22: 00гө чейин шаардыктарды эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт.

22-мартта саат 10:00дө Улуттук спорттук оюндар башталат. Саат 14:00дөн 22: 00гө чейин шаардыктарды концерттик программа күтөт.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бишкек шаарынын мэриясы Сиздерди келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайт, ошондой эле эстен кеткис сезимдерди каалайт!