Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында координациялык комиссиянын жыйыны өттү.

Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын алкагында мэрдин орун басарлары Виктория Мозгачева, Азамат Кадыров, Жыргалбек Шамыралиев, Максатбек Сазыкулов, аппарат жетекчиси Миргазы Исаков, төрт райондун жетекчилери, шаардык тиешелүү кызматтардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын, ӨКМдин жетекчилери укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйынына катышты.

Жыйында Нооруз майрамында Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү жана даярдыгы тууралуу маселелер каралып, уюштуруу маселелери да талкууланды.

Район башчыларына өзгөчө балдардын катышуусунда иш-чараларды коопсуз өткөрүү боюнча комплекстүү чараларды көрүү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде, тактап айтканда борбордук «Ала-Тоо» аянтында тартипти жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Бишкек электр тармактар ишканасынын директоруна электр жарыгын үзгүлтүксүз камсыздоо сунушталды.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы майрам күндөрү эл көп чогулган жерлерди тазалоону өзгөчө көзөмөлгө алышы керек.

Белгилей кетсек, быйыл “Нооруз-2024” майрамын үч күнгө – 20, 21, 22-мартта белгилөө пландалууда.

Ала-Тоо борбордук аянты улуттук стилде жасалгаланган. Бул күндөрү көргөзмө, улуттук спорт оюндары, чоң масштабдагы концерттик программа, ошондой эле фуд-корт зонасы уюштурулат.