Нооруз майрамынын урматына борбор калаанын төрт районунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Октябрь районунда:
18, 19, 20, 21-март күндөрү №88, №103, №100, №20, №73, №63, №62, №9, №39 орто мектептеринин базасында, №20, №56, №14, №26, №37, №60, №30, №34 жана №71 ЖББМИде майрамдык иш-чаралар, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук спорттук мелдештер жана «Сармерден» оюну уюштурулат.

Свердлов районунда:
20-март күнү №17, 318, №21 МАБнун аймактарында майрамга карата боз үй тигилип,  элдик оюн зоок уюштурулууда.
21-мартта №89 жана №38 мектептердин жанында, ошондой эле №25 кварталда боз үйлөр тигилген майрамдык салтанаттар өтөт.

Ленин району боюнча:
2024-жылдын 21-мартында Нооруздун урматына майрамдык салтанаттар 2-Товарная көчөсү, 514, Люкс сейил багында, Ак-Ордо конушунда, Газпром-Балдар спорттук-эс алуу комплексинде, Asia Mall соода борборунун жанында жана Чоң-Арыкта өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында ооз ачар уюштуруу жана улуттук «сүмөлөк» тамак-ашын даярдоо, концерттик программа жана улуттук спорттук оюндар уюштурулат.

Биринчи май районунда:
2024-жылдын 21-мартында Кулатов жана Каракульская көчөлөрүнүн кесилишинде, Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде, Манас-Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакта, Малышева жана Кудрук көчөлөрүнүн кесилишинде, «Бугу-Эне-Багыш», «Касым» жана «Алтын-Казык» конуштарында майрамдык иш-чаралар өтөт.