Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы өз багыты боюнча рейддерди улантууда. Жарандардын, чарбалык субъектилердин жана жеке ишканалардын санитардык нормалардын сакталышын камсыздоо үчүн атайын көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Ар бейшемби күнү  инспекторлор "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзүп, турмуш-тиричилик таштандыларын туура эмес жерлерге чыгаруу фактыларын катташат.

Жакында жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгы менен инспекторлор тарабынан 176 субъект текшерилип, 21 буйрук чыгарылып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 23 протокол түзүлдү. Жалпысынан 316 миң сом айып салынган.

Инспекторлор туш болгон жалпы көйгөй – бул башаламан таштандылар. Жарандар таштандыларды эреже боюнча таштанды контейнерлерине таштабайт жана жолдун жээгине же тротуарлардын боюна ташташат.

Свердлов районунда Аламүдүн базарынын жанында башаламан таштанды аныкталды. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин аракети менен айланадагы бардык таштандылар чыгарылды.

Борбор калаада мыйзам бузуулардын саны боюнча Октябрь району алдыда болду. Жалпысынан муниципалдык инспекторлор тарабынан КР Укук бузулар  кодексине ылайык 10 протокол түзүлдү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 166 миң 500 сомду түзөт. Жарандардан түшкөн 4 кайрылуу тез арада кароого алынган.

«Тазалык» МИнын өкүлдөрү менен биргеликте чарбалык субъектилерге жана ишканаларга катуу таштандыларды чыгаруу боюнча келишимдерди түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ленин району боюнча 110 миң 500 сомдук 10 протокол түзүлгөн. Ал эми Биринчи май району боюнча инспекторлор тарабынан 3 протокол түзүлүп, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 39 000 сомду түзгөн. Свердлов районунда 52 чарбалык субъектилер текшерилип, 16 буйрук чыгарылган.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Таштандыларды туура эмес жерге ыргытпоону суранабыз. Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга карата Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрүн эскертебиз.