«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барууда.

Алсак, ишкананын ички комиссиясынын чечиминин негизинде жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 4 айдоочусу жумуштан четтетилип, 2 айдоочу 50% сый акысынан, 8 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылды.

Белгилей кетсек, ички комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлөт. Бирок, жарандардан түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын санына жараша жумасына эки жолу жыйын өткөрүүгө болот.

Буга чейин жол эрежелерин одоно бузган 10 айдоочу жумуштан четтетилип, 21 айдоочу сый акысынан ажыратылган.

Белгилей кетсек, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы коомдук транспорт катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин билүү деңгээли боюнча сынактан өткөрүүдө.