Т. Сатылганов атындагы  №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында 9-класстар арасында «Менин апам»  аттуу сынак өткөрүлдү.

Иш-чара ата-энелер менен балдардын ортосундагы байланышты чыңдоо, ошондой эле окуучулардын өз ара түшүнүшүүсүн жана руханий интеллектин өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Сынакта логикалык суроолор, эне менен кыз бала чогуу алып бара ала турган тапшырмалар камтылды.  

Сынактын жыйынтыгы менен ар бир баланын апасы “Мээримдүү Эне”, “Акылман Эне”, “Сүйкүмдүү Эне”, “Ажарлуу Эне” ж.б. номинацияларга   ээ болушту.